Орусияда бир нече мунай иштетүүчү завод дрондордун чабуулуна кабылгандан кийин Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май сатуу сунушун бербей калышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдигинин президенти Канатбек Эшатов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
“Бүгүнкү күндө кырдаал өтө татаал. Дүйнө жүзүндө мунай заттын баасы тынбай өсүп жатат. Биз импорт кылган Орусиянын өзүндө тартыштык болуп жатат, көпчүлүк аймактарында чектөөлөр киргизилди. Орусия Федерациясында жалпы 81 субъект болсо, ошонун 60ында бир унаага 15-20 литрден гана сатууга уруксат берилген. Ошондо да жетишпей, май куючу жайларында узун кезектер болуп жатканын өзүңөр видеолордон көрүп жатасыңар. Мына ушундай шартта Орусиядан Кыргызстанга күйүүчү май ташуу дээрлик токтоп калды деп койсок да болот. Дизел отуну анча-мынча көлөмдө келип жатат, ал эми АИ-92, АИ-95, АИ-98, АИ-100 тобундагы бензин тартыш. Ушул тапта Орусиядагы заводдордо Кыргызстанга күйүүчү май сатуу боюнча сунуштары таптакыр жок болуп калды. Биздин компаниялар башка мамлекеттерден, мисалы Кытайдан, Азербайжандан, Европа мамлекеттеринен ташып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, – деди ал.
Канатбек Эшатов Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу май сатуучу компаниялардын айрымдарында эки апталык, кээлеринде бир айлык запас калганын кошумчалады. Ал тартыштыктан улам АИ-95 майынын наркы кымбаттаганын да белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстандын бийлиги мүмкүн болушунча башка өлкөлөрдөн күйүүчү май ташуу жолдорун караштырып жатканын маалымдады. Ал Кытайдан макулдук алышканын тактап, башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 18-июль күнү кескин кымбаттап, 98 сомдон 109,9 сомго көтөрүлгөн. Ага чейин бензиндин бул түрү социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен чыгарылган эле.
Украинага кол салган Орусиянын мунай өндүрүүчү заводдоруна акыркы айларда украин дрондорунун чабуулдары күчөп, ири ишканалар өрттөндү. Июнда да, июлда да бир нече завод аткылоого кабылды. Буга байланыштуу базарда күйүүчү-майлоочу май өндүрүү кыскарып, бензин жана дизел тартыштыгы жаралган. Айдоочулар май куюучу жайларда узун кезекке туруп калды.
Күйүүчү-майлоочу майды негизинен Орусиядан ташып келген Кыргызстандын өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга убактылуу субсидия бере баштаган.
Кыргыз бийлиги бир нече өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын, Беларус менен Кытай ишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук бергенин билдирген. Кийин Өзбекстан да Кыргызстанга май сатууга оң жооп берегни айтылган.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (ErN)