Бишкекте окуучунун өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу эки жетекчи кызматтан алынды

Бишкек шаарындагы автобус. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында окуучунун өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу мэрдин орун басары Рамиз Алиевге жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланып, Бейшенбаевдин орун басары Алмаз Алымбеков жана “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечим аталган кырсык боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынды.

Жыйынтык Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында мэрияда өткөн жыйында каралды.

13-июлда, таңкы саат 9:00дөр чамасында №34 каттамын тейлеген Zhong Tong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Рыскулов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына бурулуп жатып жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан баланы сүзүп кеткен. Алган оор жарааттарынан улам 9 жаштагы окуучу окуя болгон жерде каза болгон.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев окуядан кийин өткөргөн чукул жыйында айдоочу 2023-жылдын сентябрь айында жарактуу айдоочулук күбөлүгү менен жумушка кабыл алынганы айтылган. 2026-жылдын январь айында ал транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган. Ал бул фактыны жумуш берүүчүдөн жашырып, ички текшерүүлөр учурунда айдоочулук күбөлүгүнүн жасалма көчүрмөсүн көрсөтүп жүргөн. Мындан тышкары сотто ишти кароо учурунда айдоочу убактылуу жумушсуз экенин айткан, буга байланыштуу унаа башкаруу укугунан ажыратылгандыгы тууралуу маалымат ишканага жиберилген эмес.

Жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Б.М. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. (ErN)