Ысык-Көл облусунда өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи эл аралык кинофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталып, башкы сыйлык – гран-при “Кыргызфильм” улуттук киностудиясында тартылган, режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара, кызыл, сары" тасмасы (Black, Red, Yellow) көркөм тасмасына ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Фестивалдын жабылуу аземи 19-июлдун кечинде Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өттү. Фестиваль 16-июлда башталган эле.
Фестиваль Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган.
Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү, режиссёрлор, актёрлор, продюсерлер, маданият ишмерлери жана ардактуу коноктор катышты.
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгы ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлүп, белгиленет.
Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” толук метраждуу көркөм тасмасы 2025-жылы тартууланды. Былтыр июнь айында XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалында көрсөтүлүп, анда “Эң мыкты тасма” аталды жана эң башкы “Алтын кубок” сыйлыгына татыды. Августта Бишкекте улуттук бет ачары өтүп, ноябрда ЮНЕСКОнун "Маданий көп кырдуулук" сыйлыгына ээ болду. Кийин башка фестивалдарга чыгарылып, Кыргызстандын атынан АКШнын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү.
Фильмде жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын бир нече чакан аңгемеси (“Долу”, “Гилемчи”, “Көк суу”, “Урум” ) экрандаштырылган. Баткен аймагында туулган жазмакер өз чыгармаларында аталган дубандагы жашоону сүрөттөгөн. Шайдуллаева сценарийди режиссер менен чогуу иштеп чыгып, тасма Баткенде тартылды.
Кинодогу окуянын өзөгүн килем токуучу Турдугүлдүн тагдыры түзөт. Сүйүү, үй-бүлөдөгү жоопкерчилик, миграция, жумушсуздук, чек ара аймактарындагы көйгөйлөр жана башка маселелер да чагылдырылган. (ErN)