Эркин журналист Эламан Карымшаков өз постуна байланыштуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбековдун коркутуусуна кабылганын билдирди. Президенттен ага чара көрүүсүн өтүндү. Бул тууралуу ал 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында жазып, экөөнүн сүйлөшүүсүнүн аудиосун жарыялады.
“...Дайыр Орунбеков кечээ, 20-июлда чалып, ачыктан ачык эле коркутууга өттү. Ал акыркы жазган постумду өчүрүүнү талап кылып, “Мен сага эскерттим, уктуңбу?! Сыйың менен өчүрүп кой! Биринчи мүмкүнчүлүктө сени менен сүйлөшөм!” деп ызырынды. Мамлекеттик кызматкердин журналистти минтип ачык эле коркутуп жатканын кандай бааласак болот? Экинчиден бул тамаша иретинде жазылган сөздү Дайыр Орунбеков эмнеге өзүнө алып жатат? Анын фейк фермасы барбы же ошонун арты менен кызматка барды беле? Постто анын аты же ээлеген кызматы аталган эмес. Жалпы айтылган пикирге чычалап, ушунчалыкка барганын түшүнгөн жокмун. Мен дагы өз өлкөмдүн патриотумун. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келбеген жумуштарды жасап, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымымды кошуп келе жатам. Мамлекеттик долбоорлорго тоскоолдук кылып же элди козуткан пикирлерди жазган эмесмин. Мамлекет жасаган жакшы иштерди колдоп, кубаттап жүрөм. Урматуу Садыр Нургожоевич, тамаша иретинде жазылган постко опурулуп жаткан Дайыр Орунбековго чара көрүшүңүздү суранам. Анын мындай мамилеси сиз жүргүзгөн саясатка көө жаап, жасаган жумуштарыңызга көлөкө түшүрүүдө”, – деп жазды блогер.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Эламан Карымшаковдун жазганы боюнча комментарий бере элек.
Орунбеков 20-июлда Фейсбукта пост жазып, Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн аккаунттары жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирген. Орунбеков мындай постторду мурдараак Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүк эмес уюмдардын тарапташтары таратып келген болсо, “эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулганын” жазган.
Орунбеков аталган саясатчыларга жакын делген жана өкмөттүк эмес уюмдарга тиешеси бар делген адамдардын аты-жөнү менен сүрөттөрү кошулган тизмени да жарыялаган. Кийин постунан Ташиев жөнүндө сөздү алып, ага байланыштырган адамдардын тизмесин өчүргөн.
Постто аты аталган активисттер жана укук коргоочулар Дайырбек Орунбековдун жазганын кескин сынга алып, мамлекеттик кызматкер алардын “Түндүк” системасында камтылган жеке маалыматтарын ачыкка чыгарып жибергенине социалдык тармактарда нааразылык билдирүүдө. Айрымдары Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысын сотко берерин кабарлашты.
Блогер Эламан Карымшаков бул талкуунун фонунда Фейсбуктагы баракчасында “Фейк ферманын арты менен байып же чоң кызматка барып аткандардын тизмесин ким жарыялайт?” деп жазган. Журналист анда эч бир адамдын атын атаган эмес. (ErN)