“Кыргыз ак топозу” жаңы тукум катары мамлекеттик каттоодон өттү

“Rыргыз ак топозу” аталышында катталган топоздун жаңы тукуму (порода).

Ысык-Көл облусунун Сырт жайлоосунда кыргыз мал чарбачылыгы үчүн тарыхый окуя – ак түстөгү кыргыз топозу “кыргыз ак топозу” аталышында жаңы тукум (порода) катары расмий мамлекеттик каттоодон өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Жаңы породаны мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрукка 20-июлда Минкаб төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кол коюп, бул чечим өлкөнүн асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө жана улуттук генетикалык ресурстарды сактоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.

Бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашкан, жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ ак түстөгү топоздун жаңы породасы 2014-2026-жылдары жүргүзүлгөн селекциялык иштердин натыйжасында түзүлдү. Бул жетишкендик окумуштуулардын, селекционерлердин, адистердин, асыл тукум чарбаларынын жана мал багуучулардын биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат.

Министрликтен такташкандай, “кыргыз ак топозу” тукумун түзүүдө Социалисттик Эмгектин Баатыры, көрүнүктүү селекционер жана коомдук ишмер Таштанбек Акматовдун эмгеги зор. Анын ак топоздорду селекциялоо багытындагы көп жылдык эмгеги жаңы породанын калыптанышына чоң салым кошкон.

Илимий изилдөөлөр жаңы тукумдун жогорку өндүрүмдүүлүгүн, салмагынын, төл алуу көрсөткүчтөрүнүн жана жаш малдын сакталышынын жакшы деңгээлин тастыктаган. “Кыргыз ак топозу” сапаттуу ак жүнү жана тыбыты менен айырмаланып, текстил өнөр жайы үчүн баалуу чийки зат болуп саналат.

Айыл чарба министрлиги жаңы тукумдун мамлекеттик каттоодон өтүшү улуттук генетикалык ресурстарды сактоого, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө, бийик тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүшүнө жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн билдирет.

Топоз кыргыз эли илгертен бери багып келген мал. 2026-жылдын башындагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда 61 650 баш топоз бар. Алар негизинен Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын тоолуу жерлеринде кармалат. (ErN)