Ички иштер министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Кытайдын Бишкектеги элчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте Кыргызстанда эмгектенип жаткан кытайлык жарандар арасында алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара миграциялык мыйзамдарды бузуулардын алдын алуу жана чет элдик жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган.
Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарынын талаптары, чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишин жүргүзүү тартиби, ошондой эле укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү.
Кездешүүлөрдө мыйзамдарды так сактоого, өлкөнүн салттарына жана маданиятына урматтоо менен мамиле кылууга, коомдук тартипти жана жол эрежелерин сактоого, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда компетенттүү мамлекеттик органдарга өз убагында кайрылуунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Мунун алдында Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баштаган топ Кытай Эл Республикасынын Бишкектеги элчиси Лю Цзянпин баштаган делегация менен кеңешме өткөрүп, кытайлыктар катышкан укук бузууларды талкуулаган.
Соңку мезгилдери Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар катышкан укук бузуулар тартылган фото-видеолор социалдык түйүндөргө тарап, талкууларды жаратууда. Ички иштер министрлиги мындай окуяларга катышкан чет элдиктердин айрымдарына эскертүү берип, кээлерин кармаганын кабарлады. Мыйзам бузууга аралашкан бир топ чет элдиктер өз өлкөлөрүнө мажбурлап чыгарылганы маалымдалды. (ErN)