Ысык-Көлдүн бир нече жеринде сел жүрдү: Суу жолду жеп, көпүрөнү алып кетти

Сырт өрөөнүнүн Кайыңды жайлоосунда көп келген суу көпүрөнү алып кетти. ӨКМдин башкармалыгы тараткан видеодон алынган сүрөт.

22-июлга караган түнү, саат 3:50 чамасында Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 207-208-чакырымдарынын ортосунда Жети-Өгүз районунун Конкино айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен арыктарга суу батпай унаа жолду каптап, болжол менен 10 метр жерин жеп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ысык-Көл облустук башкармалыгы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, окуя болгон жерге Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, кол каражаттардын жардамында каттам үчүн жолду ачышты.

Учурда унаалар кезеги менен өтүүдө. Жолду калыбына келтирүүгө техника тартылат. Кошумча маалымат берилет.

ӨКМ аймактык башкармалыгы тактагандай, Тоң районунда 21-июль, кечки саат 22:30 чамаларында жаандан улам Балыкчы – Бөкөнбаев – Барскоон унаа жолунун 110-чакырымында кыян жүрүп, убактылуу жолду жууп кеткен. Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу селди тазалап, жолду эки тараптуу ачты. Жабыркагандар жок.

21-июль күнү Ак-Суу районунда кечки саат 19:00 чамасында Сырт өрөөнүнүн Кайыңды жайлоосунда Кайыңды суусунун көлөмү көп келгендигине байланыштуу жыгач көпүрөнү суу жеп кеткен. Кайыңды жайлоосунда калган 8 чет элдик жаран, 4 жеңил унаа, азыркы коопсуз жайга малчынын турак жайына убактылуу жайгаштырылган. Жабыркагандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17-июлда өткөн атайын коллегиясында маалымдалгандай, быйыл алты айда 1258 жерде өрт чыгып, 280 сел жүргөн. Жалпы 33 өзгөчө учур катталып, 24 адам каза тапты.

Жарым жылда селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында коопсуз жерлерге 149 адам эвакуацияланып, 775 техника, 4114 адам тартылган жана 1874 турак үй, короолор, 67 социалдык объект, 34 чакырым арык/каналдар, 96,5 чакырым жол сел калдыктарынан тазаланган. (ErN)