Ошто өспүрүмдөрдү мушташтырган адам милицияга жеткирилди

Чоң киши эки өспүрүмдү мушташтырып жаткан учуру. Соцтармактарга тараган видеодон алынган скриншот.

Ош шаарында өспүрүмдөрдүн ортосундагы жаңжал боюнча текшерүү башталып, аларды мушташтырган адам милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Мунун алдында социалдык тармактарда видео тараган. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунун биринде чоң киши эки өспүрүм баланы бири-бирине тукуруп, мушташтырып жатканы тартылган. Кийин окуяга жашоочулар аралашып, жаңжалдашкан тараптарды токтотконун тасмадан көрүүгө болот.

Милициянын маалыматына ылайык, бул окуя боюнча 21-июль күнү Ош шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган Ж.Ы. арыз менен кайрылган. Жашоочу ошол эле күнү саат 20:30 чамасында Ош шаарынын Анар кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн алдында белгисиз жаран өзүнүн баласы менен биргеликте анын жашы жете элек уулу, 2011-жылы туулган А.Н.га карата ээнбаштык аракеттерди жасап, денесине залал келтиргенине даттанган.

Бул факты боюнча маалымат Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тиешелүү текшерүү жана тергөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга тиешеси бар жарандардын өздүгү аныкталды. Алар: 1982-жылы туулган П.А. жана анын уулу, 2011-жылы туулган Н.Н. Аталган жарандар тергөө кызматына жеткирилип, тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иштери улантылып жатат. Топтолгон материалдардын негизинде фактыга юридикалык баа берилип, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат таратылат. (ErN)

Дагы караңыз

"Бааны эркин койсок, АИ-95 бензини 120 сомго чыкмак". Өкмөт Кытайдан, Беларустан кара май алатАмангелдиев кеминде 1,5 айга жете турган бензин бар экенин айттыТашовдун иши: Шаардык сот ишкерди сегиз жыл абакка кести "Керектөө көбөйдү, жабдыктар эски". Аптап энергетиканын абалын көрсөттү