Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджоб Ахмадзода Гулистон шаарында жолугуп, чек ара чечилгенден кийин кайрадан сооданы жандантууну сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууга эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле чектеш район жана шаарлардын башчылары катышты.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин кубаттап, жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди ыкчам жана өз ара түшүнүшүү менен чечүү зарылдыгын белгилешти.
Жолугушууда Баткен жана Согди облустарынын ортосундагы маданий-гуманитардык, жаштар, спорттук жана экономикалык байланыштарды да мындан ары өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын туруктуу өнүгүп жатканын белгилешти. Облустук өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, 2026-жылдын январь-май айларында Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 700 миң АКШ долларынан ашкан.
Кездешүүдө “Кызыл-Бел – автожол” өткөрмө пунктунда “Кыргыз Агрохолдинг” долбоорун ишке ашыруу маселеси да талкууланды. Аталган долбоор жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
14-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштеринин алкагында чек ара мамычаларын орнотуу башталган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамга ээ жер тилкелеринин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт.
2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан. Андан кийин Биргелешкен кыргыз-тажик демаркациялык комиссиясынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынан демаркация боюнча жумушчу топтор түзүлүп, алар демаркациялык чаралардын комплексин ишке ашырууга киришкен. (JsA\ErN)