Манас шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга жана тил эрежелеринин талаптарына жооп бербеген, грамматикалык жана орфографиялык каталарга жол берилген көрнөк-жарнактар алынды. Бул тууралуу калаа мэриясынын Маалымат борбору кабарлады.
Мекемеден билдиришкендей, ишкерлерге жана тиешелүү тараптарга көрнөк-жанактарды жана жарнамаларды мамлекеттик тилдин ченемдерине ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сүрөт-видеолордон көрүнүп тургандай, негизинен кытай тилинде жазылган жайлардын аталыштары алынган.
20-июлда Чүй облусундагы кыргыз-кытай биргелешкен “Алтынкен” ишканасы соңку талкууларга байланыштуу өзү жайгашкан жердеги тоо бооруна эки тилде – кыргызча жана кытайча жазылган ураанды аларын билдирген.
21-июлда Ички иштер министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Кытайдын Бишкектеги элчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте Кыргызстанда эмгектенип жаткан кытайлык жарандар арасында алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.
Соңку мезгилдери Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар катышкан укук бузуулар тартылган фото-видеолор социалдык түйүндөргө тарап, талкууларды жаратууда. Ички иштер министрлиги мындай окуяларга катышкан чет элдиктердин айрымдарына эскертүү берип, кээлерин кармаганын кабарлады. Мыйзам бузууга аралашкан бир топ чет элдиктер өз өлкөлөрүнө мажбурлап чыгарылганы маалымдалды. (ErN)