Росавиация Москва аэропортторунун аймагында учуу бийиктигин чектеди

Орусия, Москва. 2024-жылы Шереметьево аба майданында тартылган сүрөт

Росавиация Москва аэропортторунун аймагында жарандык учактар үчүн уруксат берилген эң жогорку учуу бийиктигин 8550 метрден 4900 метрге чейин төмөндөттү. Ошондой эле транзиттик учууларга тыюу салынды. Бул тууралуу "Коммерсант" Аэронавигациялык маалымат борборуна таянып жазды.

Чектөөлөр Москва түйүндүк диспетчердик районуна киргизилди. Бул аймакка Шереметьево, Внуково жана Домодедово аэропорттору кирет. "Коммерсанттын" булактарынын маалыматына ылайык, бул чаралар Коргоо министрлигинин демилгеси менен, акыркы убактарда дрондордун чабуулдары көбөйгөнүнө байланыштуу кабыл алынган.

Росавиация бул өзгөртүүлөрдү ырастап, ал 11-июлдан 12-августка чейин күчүндө болорун билдирди.

"Бул чаралар учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды", – деп маалымдады мекеме.

"Коммерсанттын" айрым булактары мындай чектөөлөр согуш аяктаганга чейин сакталып калышы мүмкүндүгүн, Орусиянын башка аймактарына да жайылышы ыктымал экенин айтышкан.

Учуу бийиктигинин төмөндөтүлүшү учактарга жакынкы аэродромдорго тезирээк конууга мүмкүндүк берет. Бирок ошол эле учурда күйүүчү май көп сарпталып, учуу убактысы узарат.

Басылманын булагынын эсептөөсү боюнча, транзиттик багыттарды айланып өтүүгө байланыштуу каттамдардын убактысы кеминде 20-30 мүнөткө узарары күтүлүүдө.

"Коммерсанттын" маектештери уруксат берилген учуу бийиктигинин төмөндөтүлүшү учактардын канаттуулар менен кагылышуу тобокелдигин да жогорулатышы мүмкүн деп эсептешет.

Дагы караңыз

"Wildberries'теги товарыбыз бүт күйдү". Ишкерлер миллиондогон чыгымга баттыТашкент: Президенттик жолдогу кандуу кырсык. Кортеж кимге таандык?