Кыргыз жарандарын жалданмачылыкка тартууга айыпталган орусиялык блогер Кыргызстандан чыгарылды

Виктор Васильевдин видео кайрылуусунан алынган скриншот.

"Украинадагы согушка кыргыз жарандарын жалдаган" деген шек менен Бишкекте кармалган орусиялык Z-блогер Виктор Васильев Кыргызстандан чыгарылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм каналында жазды.

Блогер тактагандай, Кыргызстандын укук коргоо органдары ага чыгып кетүүгө 10 күнчө убакыт берген, ал чек арадан өзү чыгып кеткен. Кыргыз бийликтери ага өлкөгө 10 жылга кирүүгө тыюу салган.

Виктор Васильев өзү иштеткен каналдарда жана баракчаларда, анын ичинде Фейсбуктагы “Салам Кыргызстан” баракчасында дээрлик 10 мүнөттүк видео жарыялады. Анда ал өзүнүн Кыргызстанда кармалышына батыш өлкөлөрүнүн биринин атайын кызматтарын айыптап, өзүнө тагылган айыптарды төгүндөдү.

“Эхо” басылмасы Кыргызстанда кармалган Виктор Васильев өткөн айда эркиндикке чыкканын жазган. Маалыматка караганда, ал тергөө абагында бир жыл эки ай отургандан кийин 12-июнда бошотулган. Басылма блогер мурда соттолгонун, бирок соттун өкүмү тууралуу маалымат ачык айтылбаганын, эми Васильев кыргыз бийлигинин аны өлкөдөн чыгаруу чечимине каршы арызданууну көздөп жатканын кабарлаган.

Виктор Васильевдин эркиндикке чыгышы боюнча Кыргызстандын сот тутуму расмий комментарий берген эмес.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “жалданмачылык” ишине байланыштуу былтыр 17-апрелде Ошто төрт адамды кармап, Бишкекке алып келген. Атайын кызмат расмий маалымат тараткан эмес. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун шектүүлөрдүн бөгөт чарасын аныктоо жөнүндөгү маалыматынан кийин белгилүү болгон.

Журналисттер кармалгандардын арасында Ош мэриясынын кызматкери Сергей Лапушкин, “Россотрудничество” агенттигине караштуу “Орус үйүнүн” Оштогу кеңсесинин кызматкери Наталья Секерина бар экенин аныкташкан. Андан тышкары С.В.Т. жана В.В.А. аттуу дагы эки адам кармалган. Булардын бири Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени белгилүү болсо, орусиялык маалымат каражаттары төртүнчү шектүү Виктор Васильев экенин жазышкан.

Бир катар маалымат каражаттары Васильевдин Орусиядагы жалданма аскерлердин “Вагнер” тобунун негиздөөчүсү, маркум Евгений Пригожиндин түзүмүндө саясий технолог катары иш жүргүзгөнүнө жана өмүр баянында талаштуу жагдайлар көп экенине көңүл бурушкан.

Meduza порталынын жазышынча, Виктор Васильев "Улыбаемся и машем" деп аталган Телеграм каналдын негиздөөчүсү. Ал Борбор Азияга жана Кыргызстанга байланыштуу башка да каналдардын артында турары кабарланып келет.

The Insider басылмасынын жана “Досье” борборунун маалыматына караганда, Виктор Васильевдин чыныгы, 2018-жылга чейинки фамилиясы Луковенко болгон. Ал 2011-жылы “Орус маршы” деп аталган жүрүш күнү шриланкалык адамды өлтүрүүгө айыпталып, сегиз жылга соттолгону маалымдалган. Абакта беш жыл отурган соң мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.

Би-би-синин орус кызматы Луковенко “Вагнер” түзүмдөрдө саясий технолог болгонун, Африкада иштегенин жазган. Ал Украинада да иш алып барганы жөнүндө маалыматтар чыккан.

Фамилиясын Васильев кылып өзгөрткөн бул адам Борбор Азияга, Кыргызстанга качан келгени белгисиз. Анын Фейсбуктагы баракчасында өлкөнүн түштүгүндө түшкөн көп сүрөттөрүн көрүүгө болот. (ErN)