Орусиянын Мамлекеттик думасы өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктардын укуктарын чектеген мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Документке ылайык, Орусиядан чыгып кеткен жана кылмыш иши боюнча жаза аткаруудан же айрым административдик иштер боюнча жоопкерчиликтен качып жүргөн деп эсептелген жарандарга карата бир катар чектөөлөр киргизилет. Аларга чет өлкөлүк паспорт алуу, Орусиянын жарандыгынан чыгуу боюнча арыз берүү, Мамлекеттик кызматтар порталын пайдаланууга, Орусиядагы акча каражаттарын жана мүлкүн колдонууга тыяу салынат.
Орусиянын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аларга юридикалык, консулдук жана нотариалдык кызматтардын көбүн көрсөтпөйт. Эки учурда гана, кишинин тирүү экени тууралуу күбөлүк, көзү азиз жарандардын кол тамгасын тастыктоодо гана мындай кызматтарды алууга уруксат берилет. Мыйзам армияны "дискредитациялоо", Орусияга каршы санкцияларды киргизүүгө чакыруу, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузууга үндөө, "Чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамды бузуу, "жагымсыз уюмдарга" байланышкан беренелер менен айыпталгандарга тиешелүү.
Башкы прокуратура бул чектөөлөргө туш болгон адамдардын ачык реестрин түзүп, аны өзүнүн расмий сайтына жарыялайт.
2025-жылдын декабрь айынан бери каралып жаткан документ Мамлекеттик Думанын азыркы чакырылышынын иш мөөнөтү аяктайын деп калганда кабыл алынды.
Буга чейин Орусияда саясий мүнөздөгү административдик беренелер боюнча жоопкерчиликке тартылган жана өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын мүлкүн камакка алууга уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Мүлк белгиленген айып пул толук төлөнгөндөн кийин камактан чыгарылат.
Орусия коңшусу Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери согушту айыптаган, сындаган жарандарын куугунтукка алып келет.