Бишкекте коомдук тартипти бузган үч чет өлкөлүк жаран кармалды

Кармалган үч чет өлкөлүк жаран. Милиция тараткан видеодон алынган скриншот.

Бишкек шаарында коомдук тартипти бузган үч чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

21-июлда социалдык тармактарда түнкү убакта бир нече эркек көчөдө тартипти бузуп, дарактын түбүндө заара ушатып жатканы тартылган видео тараган.

Аталган факт Бишкектин Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын Маалыматтардын электрондук журналына (МЭЖ) катталган.

Бишкек шаардык милициясынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 42 жаштагы (CH.SH.), 38 жаштагы (D.GU.) жана 30 жаштагы (M.K.) үч чет өлкөлүк жаран аныкталып, кармалды.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, аталган жарандар 21-юилда Логвиненко көчөсүндө болушкан. Имараттан чыккандан кийин чет өлкөлүк жарандардын бири турак үйдүн короосунда, коомдук жайда табигый муктаждыгын өтөгөн, ал эми аны коштоп жүргөн эки жаран спирт ичимдиктерин ичкен абалда болушкан. Мындан тышкары, видеотасмада алардын бири коомдук жайда чылым чегип жаткандыгы да катталган.

Кармалгандар Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) жана 83-беренеси (чылымды белгиленбеген жайларда чегүү) боюнча протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды. Укук бузуучулар райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү. Тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагынан чыгарылат.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы Кыргызстандын аймагында жүргөн бардык чет өлкөлүк жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого, коомдук тартипти урматтоого, ошондой эле кыргыз элинин каада-салтын жана маданиятын сыйлоого чакырат. (ErN)