Украинада Орусиянын соккуларынан он чакты адам көз жумду

"Нова пошта" компаниясы 2026-жылдын 25-июлунда жарыялаган сүрөт.

Орусиянын Украинанын аймактарына 25-июлда урган соккуларынан кеминде жети адам каза болду. Сумыда "Нова пошта" терминалы, Полтавада май куюучу жай, бир катар облустардагы инфраструктура жана турак үйлөр аткыланды.

"Нова поштанын" маалыматына караганда, жеткирүүчү өнөктөш ишканалардын үч айдоочусу каза болду.

Мэр Артем Кобзарь тактагандай, сокку реактивдүү учкучсуз аппараттар менен урулду. Чоң өрт чыгып, чабуул коюлган жерден дагы эки кишинин сөөгү табылды, мындан тышкары бир киши оор жаракат алып, ооруканага жетпей көз жумду.

Славянскиде дрон жер тамдардын бирине тийгенин, аял тургун каза болуп, дагы эки киши жаракат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Вадим Ляхтын маалыматына караганда, бир сутка ичинде бул шаарда жалпы алты киши каза болуп, дагы 27и жараат алды.

Херсондо орус артиллериясы эки районду аткылап, көп кабаттуу үйгө снаряд тийгенде бир адам каза болгонун, дагы экөө оор жараат алганын облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди.

Полтава облусунда орус армиясы май куюучу төрт жайга жана өрт өчүрүүчү бөлүмдүн имаратына чабуул койду. Бул тууралуу облустук аскер администрациясынын башчысы Виталий Дякивнич кабарлады.

Запорожье облусунда Орусиянын чабуулдарынын натыйжасында 25-июлга караган түнү он адам жабыркаганын Telegram каналына аймактын башчысы Иван Федоров жазды. Запорожье шаарында эки кабаттуу соода борбору, дүкөндөр жана павильондор, жалпысынан 900 чарчы метрлик аянт күйүп кеткенин ӨКМ маалымдады. Эртең менен соккулар уланып, бир аял каза болду, дагы тогуз адам медициналык жардамга муктаж, алардын арасында үч бала бар.

Дагы караңыз

Энгельс аэродрому кайрадан бутага алынганы кабарландыТосордо Үркүн курмандыктарын эскерген жөө жүрүш башталдыСоциалдык тармактын колдонуучусу "митинг уюштурууга чакырыкка" шектелүүдөАКШ Ормузда Ирандын портуна бараткан танкерди иштен чыгарганын билдирди