Орусиянын Украинадан 2000 чакырымдан ашык алыстыкта жайгашкан Тюмень облусундагы мунай иштетүүчү заводдо 25-июлда дрон чабуулунан кийин өрт чыкты. Украиналык байкоо жүргүзгөн каналдар заводдогу өрттүн видеолорун жарыялап жатышат.
Чабуул болгонун облус жетекчиси Александр Моор дагы ырастады.
“Учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунун натыйжасында дрон Тюмендеги мунай иштетүүчү заводго түштү. От тутанып, жеринде ыкчам кызматтын өкүлдөрү иштеп жатат”, - деп жазды ал Телеграмга.
Жергиликтүү тургундар кеминде эки жолу жарылуу угушканын жана ишканадан чыккан түтүн тууралуу кабарлашты. Айрым маалыматтарга караганда, сокку кыска убакыт аралыгында жасалды.
Маалымат каражаттары Тюменге жасалган чабуулдан кийин шаардын 440 жылдыгын белгилөө иш-чаралары токтотулганын билдирди. Astra басылмасы Тюмень администрациясынын “ВКонтакте” социалдык тармагындагы расмий баракчасында шаар күнүн майрамдоонун түз эфири үзгүлтүккө учураганын жазды.
Тюмень мунай иштетүүчү заводу (“РИ-ИНВЕСТ” компаниясынын филиалы, мурдагы “Антипинский” заводу) — Орусиядагы эң ири мунай иштетүүчү заводдордун бири. Ал жылына болжол менен 8 миллион тонна мунай иштетүү кубаттуулугуна ээ. Завод “Евро-5” стандартына жооп берген дизелдик отун, бензин, кокс, битум жана мазут өндүрөт. Бул ишкана буга чейин былтыр октябрда жана быйыл 20-июнда да дрон чабуулуна кабылган.