Иран АКШнын базалары жайгашкан мамлекеттерге соккуларды токтоторун жарыялады

Ормуз кысыгындагы кемелер. Оман, Мусандам. 26-июль, 2026-жыл

Ирандын бийлиги 26-июлда Американын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрүн аткылоону токтоторун, буга Вашингтондун экинчи түн соккуларды урбаганы себеп болгонун жарыялады.

Тегеран эгер америкалыктар чабуулдарды кайра баштаса, согуштук аракеттер күчөшү мүмкүндүгүн билдирди.

Ирандын өкүлдөрү муну менен өздөрүнүн өнөктөшү болгон йемендик хусилерди жана алардын Кызыл деңиздеги кеме кыймылына, негизинен Сауд Арабиянын портторуна коркунуч тууралуу эскертүүлөрүн эске салды.

АКШ Иранга дээрлик эки жума бою сокку урду. Буга жооп иретинде Иран америкалык аскердик базалар жайгашкан өлкөлөргө, биринчи кезекте Катарга, Бахрейнге жана Иорданияга чабуул койду.

АКШ акыркы эки түн бою Иранга сокку урган жок. Бул Америка президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Вашингтондо пландалган жолугушуусун утурлай болду.

Нетаньяхунун сапары америкалык жана израилдик армия Иранга карата кеңири аскердик аба кампаниясын баштагандан беш айдан кийин болгону турат. Тараптар апрелде элдешүү келишимин түзүп, Иран менен Израилдин ортосунда чабуулдар токтогон. Бирок АКШ менен Иран маал-маалы менен бири-бирин аткылап келаткан. Акыркы чыңалуу эки апта мурда башталып, Вашингтон Иранга сокку ура баштаган.

Буга чейин The New York Times басылмасы аскердик кеңешчилеринин Жакынкы Чыгышта ракетадан коргонуу системаларынын жана башка жабдуулардын запастары таңсык болуп баратканы тууралуу эскертүүсүнөн кийин Трамп Иранга каршы согушту күчөтүү планынан азырынча баш тартканын билдирген.

Пентагон америкалык күчтөр мыкты камсыздалганын белгилеп келет. Мекеменин өкүлү Шон Парнелл CNN каналына "америкалык аскерлердин мүмкүнчүлүгү чоң" экенин айтты.

26-июлда Ак үйдөгү билдирүүсүндө Трамп Иранга каршы толук масштабдуу операцияларды калыбына келтирүү маселесин чече электигин жарыялады. Ал Ирандын алдында келишимге келүү же мындан да катуу соккуларга кабылуу тандоосу турганын кошумчалады.

Дагы караңыз

Румынияда бир аптада үчүнчү жолу Орусиянын дрону атып түшүрүлдүNYT: Коргонуу ракеталарынын таңсыктыгынан Трамп Иран менен согушту күчөтүү планын артка жылдырды