Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Ирандын "көмүскө флотунун" сегиз танкерине жана алар караган компанияларга санкция киргизди.
Тизмеге Кытайда жана Маршалл аралдарында катталган компаниялар илинди. Танкерлер Мозамбик, Барбадос, Вануату жана Маршалл аралдарынын желеги алдында жүрөт. АКШ алар Ирандан миллиондогон баррел мунайды Кытайга, жүз миңдеген баррел мунайзатын бириккен Араб Эмирлигине жеткирип бергенин белгилеп жатат.
Мындан тышкары чектөөлөр Persian Gulf Marine Insurance Company жана HormuzSafe Marine Services Authority деп аталган эки компанияга да тиешелүү. АКШнын Каржы министрлигинин билдирүүсүндө, бул компаниялар Ормуз кысыгынан өтүү үчүн кемелерден акча алууда маанилүү роль ойноп келген. Аталган компаниялар кемелерге транзит үчүн полис сатып келген деген маалымат бар.
"Камсыздандыруу тобокелдиктерди жаап берет, анын көбүн Ирандын өзү жаратып келет, кемелерди басып алуу сыяктуу аракеттер. Ошондой эле ал режимдин террордук ишмердүүлүгүн жана коррупцияны каржылоо үчүн киреше табууга багытталган", - деп билдирет АКШнын Каржы министрлиги.
Мекеме Persian Gulf Marine Insurance Company жана HormuzSafe Marine Services Authority компаниялары аркылуу Иран "Ормуздан кадимки коммерциялык каттамга чыккан кемелерден акча өөнөп алуу максатындагы мыйзамсыз схеманы түзгөн" деп кошумчалады.
- Дүйнөлүк стратегиялык маанидеги Ормуз кысыгы аркылуу Перс булуңундагы мамлекетте өндүрүлгөн мунайдын үлкөн бөлүгү дүйнөлүк базарга жетет.
- Быйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга сокку уруп, Тегеран ага жооп кайтарып, Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгын жаап койгон. Бул дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташын шарттады.