ЕБге мүчө 27 өлкөнүн 22синин лидерлери ишемби күнү Еврокомиссиянын, Еврокеңештин жетекчилерине жана ЕБге төрагалык кылып жаткан Ирландияга кат жолдоп, Испаниянын Түндүк Африкадагы Сеута анклавында болгон окуяларга байланыштуу өлкө бийлигин сынга алышты. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.
Испаниянын маалыматына ылайык, чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндөрдүн басымдуу бөлүгү кайра Мароккого кайтарылган жана алардын эч кимиси Европа континентине өтө алган эмес. Ошого карабастан, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони, ошондой эле Бельгиянын, Нидерланд, Скандинавия өлкөлөрүнүн, Балтика мамлекеттеринин, Борбордук жана Чыгыш Европанын лидерлери түзүлгөн кырдаалды ЕБ деңгээлинде талкуулоону талап кылышты.
Алар Испания өкмөтүнүн өлкөдө, демек ЕБде, 1,2 миллионго чейин мигранттын макамын мыйзамдаштырууга жол ачкан акыркы чечимин азыркы кризистин себептеринин бири катары көрсөтүштү. Катта Евробиримдик бирдиктүү саясат жүргүзүп, мыйзамсыз миграция менен катуу күрөшүүгө тийиш экени белгиленген. Ошондой эле мыйзамсыз кирген адамдардын кийин мыйзамдуу макам алып калышы мүмкүн деген түшүнүк жаралбашы керектиги айтылган. Мындан тышкары, өлкөлөр зарыл болсо ички чек аралардагы көзөмөлдү кайра киргизиши мүмкүн экени белгиленген.
Катка Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана дагы үч өлкөнүн лидерлери (Испаниянын өзүн эсепке албаганда) кол койгон эмес. Каттын авторлору ЕБ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин шашылыш видеоконференциясын өткөрүүгө чакырышты. Ирландия мындай жолугушууну шейшемби күнү уюштурууну пландап жатат.
Испаниянын бийлиги жана премьер-министр Педро Санчес бул сындарды четке кагып, тескерисинче өнөктөштөрүн "өзүмчүлдүккө" жана тилектештиктин жоктугуна айыпташты.
Испаниянын Тышкы иштер министрлиги мигранттарды мыйзамдаштыруу схемасы Сеутадагы окуяларга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди, анткени анклавга кирген адамдар бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышмак эмес. Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаган жана бул процесс бир катар чектөөлөр менен байланышкандыгы айтылды. Санчес өз кезегинде ЕБ жетекчилерине жазган катында Испанияны Шенген келишиминен чыгарууга чакырган лидерлерге нааразылык билдирди. Ошондой эле ал Испания мыйзамсыз мигранттар эң көп келген өлкөлөрдүн биринчи сабында эмес экенин белгилеп, «азыркы эл аралык кырдаалда ЕБ мындай өзүмчүл, коомду бөлүүчү жана мыйзамсыз реакцияларга жол бере албайт» деди.
Буга чейин Испания бийлиги ЕБдеги өнөктөштөрүнө караганда дагы катуураак сынга АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы тарабынан кабылган. Трамп Сеутадагы кырдаалды катуу миграциялык саясаттын тууралыгын далилдеген мисал катары көрсөтүп, демократтарды Испания бийлиги сыяктуу чек араны ачып салмак деп күнөөлөгөн.
Испаниянын анклавына массалык миграциялык агым 30-июлда башталган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, чек арадан негизинен Марокконун жарандары болгон 60 миңге жакын адам өткөн.
Премьер-министр Педро Санчес бул окуяны «кол салуу» жана «Испаниянын аймактык бүтүндүгүн бузуу» деп мүнөздөдү. Ал жоопкерчиликти адамдарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген кылмыштуу топторго жүктөдү. Ишемби күнү бийлик тартип жана чек ара көзөмөлү калыбына келтирилгенин, ал эми мигранттар жапырт Мароккого кайтып жатканын маалымдады.
Мындан тышкары, бийлик деңиз жээгине кошумча 500 метрлик тосмо орнотулганын билдирди.
Сеута, ошондой эле дагы бир испан анклавы болгон Мелилья сыяктуу эле Испаниянын Түндүк Африкадагы суверендүү аймагы болуп саналат жана Евробиримдиктин тышкы чек арасына кирет. Сеуташтан Испаниянын негизги аймагына өткөндө документтер текшерилет. Ошондуктан Сеутага уруксатсыз кирген мигранттар Европа континентине эркин өтө алышпайт. Бирок алар Испаниядан башпаанек сурап, депортациядан кыйгап өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.