Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко кызматтан бошотулду

Валерий Жовтенко.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кызматтан алды.

Валерий Жовтенко Украинанын Кыргызстандагы элчиси болуп 2018-жылы, мамлекетти Петр Порошенко башкарып турганда дайындалган. Ал 2011-2015-жылдары Литвада Украинанын элчиси болуп иштеген.

Валерий Жовтенко Орусия Украинага кол салгандан бери украин элин колдогон кыргызстандык активисттер, укук коргоочулар менен утур-утур жолугушуп, жалпыга маалымдоо каражаттарына маек берип турду.

Владимир Зеленский андан тышкары Украинанын Франция, Тунис, Ливия, Австрия, Тажикстан, Сингапур жана Брунейдеги элчилерин да кызматтан алды. (BTo)