Чоң-Кара жана Таш-Төбө: Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн айылдарда каттоо иши башталды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн эки айылдын тургундарына жарандык берүү жараяны башталды. Эки эксклавды алуу үчүн Кыргызстан да кошуна өлкөгө “теңме-тең” жер бергенин билдирген. Кайсы жерден, кандай тилке берилгенин жарыялай элек. Буга удаа эле Сох анклавын айланып өткөн жол салуу үчүн да 236 гектар жер алмашылган. Өзбекстан президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда чек ара бекеттерин көбөйтүү чечими кабыл алынып, тараптар чек ара маселесине чекит коюлганын жар салды.