IHR: Иранда июль айында 71 адам өлүм жазасына тартылды

Ирандагы өлүм жазасына каршы акция. Ирандын Улуу Британиядагы элчилигинин алды. Архив.

Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHR) укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Иранда июль айында кеминде 71 адам өлүм жазасына тартылды. Алардын арасында жыл башындагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышкан алты адам бар.

6-августта жарыяланган баяндамасында уюм быйыл жыл башынан бери өлкөдө эң катаал жаза чарасына кеминде 444 адам тартылганын билдирди. Ошондой эле жүздөгөн адамдар учурда өлүм жазасын күтүүдө.

Укук коргоочулар белгилегендей, 28-февралда АКШ жана Израилдин Иран менен согушу башталгандан кийин өлкөдө саясий иштер боюнча өлүм жазасы көбөйгөн. Алардын катарында демонстранттар, тыюу салынган уюмдардын мүчөсү деп айыпталгандар жана тыңчылыкка күнөөлөнгөндөр бар.

Активисттер муну бийликтин калк арасында коркуу сезимин күчөтүү жана январь айындагы жалпы улуттук нааразылык акцияларынын кайталанышына жол бербөө аракети катары баалап жатышат.

IHR уюмунун директору Махмуд Амири-Могаддам Иран бийлиги улуттук коопсуздукту жүйө кылып өлүм жазасын дагы да күчөтүп жибериши мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.