Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму АКШ Конгрессин Түркиянын Украинага кассеталык ок-дарылар да кирген ири көлөмдөгү курал-жарак берүү өтүнүчүн блоктоого чакырды.
Уюмдун маалыматы боюнча, сөз 10 миллиондон ашык ок-дарыны камтыган он миңдеген ракеталар, артиллериялык жана башка снаряддар тууралуу болуп жатат.
Тактап айтканда, жалпы баасы 280 миллион доллардан ашкан 70 даана ATACMS M39 кассеталык ракетасын, 2524 даана M26 ракетасын жана 47 миң M509A1 артиллериялык снарядын Украинага сатуу тууралуу кеп жүрүдө.
Конгресске жолдонгон кайрылуунун авторлору бул ок-дарылардын басымдуу бөлүгү 30 жылдан ашык убакыттан бери сакталып турганын белгилешкен. Алардын айтымында, жарылбай калган ок-дарылар карапайым эл үчүн өзгөчө кооптуу.
HRW билдиргендей, бул куралдардын бир бөлүгү АКШнын 1987-жылы берилген лицензияларынын негизинде чыгарылган.
HRW уюмунун Вашингтондогу директорунун орун басары Николь Виддерсхайм эскирген кассеталык ок-дарыларды колдонуу калк үчүн олуттуу гуманитардык тобокелдиктерди жаратарын айтты.
"Эскирген кассеталык ок-дарыларды колдонуу калк үчүн кайгылуу гуманитардык кесепеттерге алып келет", – деди ал.
Ал тобокелдиктерден улам мындай куралдарды 100дөн ашык мамлекет колдонууга тыюу салганын кошумчалады.
Ошол эле маалда Орусиянын аскерлери Украинадагы согушта кассеталык ок-дарыларды кеңири колдонуп жатканын эл аралык уюмдар бир нече жолу документтештирген. Мындай куралдар калк жашаган аймактарга соккуларда да пайдаланылганын такташкан.
Маселен, 2022-жылдын 8-апрелинде Краматорскинин темир жол бекетиндеги соккудан кеминде 58 жай тургун каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алган.
Орусия, Украина жана АКШ кассеталык ок-дарыларга тыюу салган эл аралык конвенцияга кошулган эмес.