Жекшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Киев, Кривой Рог, Каменский жана Кременчуг шаарларын ракета жана дрондор менен аткылады.
Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди. «Суспільне» басылмасы Днепрде жардыруу болгонун жазды.
Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа Кривой Рогдо соккулардан бир киши каза таап, алтоо жараат алганын маалымдады.
"Украин чындыгы" басылмасы Украинанын "АрселорМиттал Кривой Рог" тоо-металлургия комплексинин ири ишканасы бутага алынган болушу ыктымалдыгын кабарлады.
Ишембиде орус армиясынын чабуулдарынан Днепропетров облусунда 17 киши жабыркаган. Облус башчысы Александр Ганжа орусиялыктар дрон жана авиабомба менен беш райондо 50дөн ашык сокку урганын билдирген.
Никопольск районунда ишканалар, базар, автобус жана жер тамга зыян келтирилип, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Дагы беш киши жабыркаган. Синельников районунда ишканалар менен банктар зыян тартып, беш киши жабыркаган.
Павлоградда жер тамдар, автоунааларга зыян келтирилип, эки киши жараат алган. Кривой Рогдо да инфраструктура жана автомобил зыянга учурап, эки адам оор абалда, бирөө орточо оор абалда ооруканага түшкөн.