Украина: Орусиянын соккуларынан бир нече киши жараат алды, Одессанын порту бутага алынды

Почайна метро станциясынын жанындагы китеп базарына орусиялыктардын кол салуусунун кесепеттери. Киев, 2026-жылдын 16-августу

17-августка караган түнү Орусиянын армиясы Украинага 128 учкучсуз учуучу аппаратты учурган. Алардын 106сы атып түшүрүлгөн же кармалганын Украинанын Аба күчтөрү билдирди.

14 жерде дрон тийген учур катталган, дагы эки жерде атып түшүрүлгөн аппараттардын сыныктары кулаган.

Днепропетровск облусунда орус армиясынын чабуулдарынын натыйжасында беш адам жабыркаганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди. Никополь районунда 51 жаштагы аял жаракат алган. Калган төрт адам Павлоград шаарынын тургундары. Ал жерде жеке турак үй, чарбалык курулуш жана автоунаа өрттөнгөн.

Херсон облустук аскердик администрациясынын маалыматына ылайык, Херсон шаарынын Днепр районунда дрон жеке турак үйгө тийип, бир жаран жабыркаган. Ага жарылуудан улам жаракат алуу, контузия жана баш мээси көгөргөн деген диагноз коюлган.

Полтава облусунун Кременчуг районунда эки өнөр жай ишканасы өрттөнгөн. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, объектилердин бириндеги өрт ыкчам түрдө өчүрүлгөн. Ал эми экинчисинде кайрадан сокку болушу мүмкүн деген коркунучтан улам өрттү өчүрүү иштери дароо башталган эмес, бирок кийинчерээк өрт толугу менен жоюлган. Мындан тышкары, орусиялык аскерлер Миргород районундагы ишканага да сокку урган.

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер түн ичинде Орусиянын армиясы кайрадан порт инфраструктурасын бутага алганын билдирди. Анын айтымында, Того мамлекетинин желеги алдында жүргөн жарандык кеме жабыркаган. Төрт адам жаракат алып, алардын үчөө ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын бири оор абалда экени айтылууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо Одесса портунда күзөт катери жана күйүүчү май сакталган резервуарлар, Измаил портунда аскердик багыттагы терминал жана кампалар бутага алынганын билдирди.

Дагы караңыз

Белгороддун бийлиги Колосково кыштагында ракеталык соккуда алты киши каза тапканын билдирди