Иран Эрбилдеги дрон чабуулуна тиешеси жоктугун билдирди

Эсмаил Багаи

Иран Ирактын Күрдстан аймагынын премьер-министри Масрур Барзанинин кеңсесине жана аймактык чалгын кызматынын жетекчисинин үйүнө жасалган дрон чабуулуна тиешеси бар деген айыптоолорду четке какты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи бул окуяны шектүү, ал эми Тегерандын катыштыгы тууралуу дооматтарды негизсиз деп атады. Ал бардык тараптарды этият болууга чакырды.

Иран медиасы билдиргендей, өлкөнүн тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн менен сүйлөшүүдө дрондордун Иран аймагынан учурулганын тастыктаган эч кандай маалымат жок экенин айткан.

Күрдстан аймагынын Терроризмге каршы күрөш башкармалыгынын маалыматына караганда, 16-августтун кечинде Эрбил шаарындагы эки объектке дрон менен сокку урулган. Мекеменин билдирүүсүндө учкучсуз аппараттар Иран тараптан учурулганы айтылган. Дрондордун бири премьер-министр Масрур Барзанинин кеңсесин, экинчиси автоном аймактын чалгын кызматынын жетекчисинин резиденциясын бутага алганы маалымдалган.

Адамдар арасында, расмий маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Ирактын премьер-министри Али аз-Заиди окуянын жагдайларын иликтөөнү тапшырды.

АКШнын Ирак жана Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррак бул окуяны кескин айыптап, аны күрд өнөктөштөрүнө каршы жасалган агрессия жана аймактагы туруктуулукка түз коркунуч катары баалады.