Москвада жарык өчүп, өлкө аймагында интернет үзгүлтүккө учурады

Иллюстрация сүрөт.

18-августтун кечинде Орусиянын бир катар интернет-сервистеринин ишинин олуттуу үзгүлтүккө учурашына Москва шаарындагы электр энергиясынын өчүшү себеп болду. Бул тууралуу РБК басылмасы өз булактарына таянып билдирди.

Авариядан улам Орусиядагы эң ири телекоммуникациялык түйүндөрдүн бири болгон Москва шаар аралык телефон станциясы №9га (ММТС-9) залака тийгени маалымдалды. РБКнын маектештери, анын ичинде станциянын кызматкери, комплекстин айрым кабаттарында электр энергиясы өчүп калганын ырасташты.

Ошондой эле домендик аталыштарды каттоо жана хостинг кызматтарын көрсөткөн ири компаниялардын бири Reg.ru электр жарыгынын өчүшүнө байланыштуу айрым сервистер убактылуу иштебей калышы мүмкүн экенин билдирген.

ММТС-9 Орусиянын интернет-инфраструктурасында өзгөчө мааниге ээ объект. Анда байланыш операторлорунун жана хостинг-провайдерлердин жабдуулары жайгашкан. Ошондой эле өлкөдөгү эң ири интернет-трафик алмашуу түйүндөрүнүн бири болгон MSK-IX платформасынын инфраструктурасы да ушул жерде орун алган.

Шейшемби күнү кечинде интернет жакшы иштебей жатканы тууралуу даттануулар Орусиянын ар кайсы аймактарында айтылып жатты. Өзгөчө Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан көп кайрылуу катталганы айтылды.

Бийликтин маалыматына караганда, Москва убактысы боюнча саат 21:24кө карата электр менен камсыздоо толугу менен калыбына келтирилди.

«Ростелеком» компаниясы авария учурунда резервдик энергия булактарын, анын ичинде дизелдик генераторлорду колдонгонун билдирди.

Баштапкы маалыматтарга караганда, электр энергиясынын өчүшү Москвадагы Вавилов көчөсүндө жайгашкан ТЭЦ-20нын электроподстанциясында чыккан өрткө байланыштуу болушу мүмкүн. Telegramдагы «112» каналы аталган объектте жарылуу болгонун кабарлады. Бирок бул маалыматты азырынча расмий органдар тастыктай элек.