АКШда 18-августта Meta Platforms компаниясына каршы сот процесси башталды. Өлкөнүн 29 штатынын коалициясы Facebook жана Instagram социалдык тармактары балдар менен өспүрүмдөрдү бул платформалардан көз каранды кылып кармоо үчүн атайын иштелип чыккан деп айыптоодо.
Доогерлердин пикиринде, Meta колдонуучуларды мүмкүн болушунча узак убакыт кармап, алардын маалыматтарын чогултуу жана жарнамадан түшкөн кирешени көбөйтүү максатын көздөгөн. Ошондой эле компания жаш колдонуучулар үчүн платформалардын коопсуздугу тууралуу коомчулукка жаңылыш маалымат берип турган деп айтылууда.
Meta бул айыптоолорду четке кагып, дооматтар далилдерге негизделбегенин билдирди. Компаниянын өкүлдөрү штаттар платформалардын иштөө принциптерине ашыкча кийлигишүүгө аракет кылып жатканын белгилешти.
Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, иш керектөөчүлөрдүн укуктарын жана жеке маалыматтарды коргоо мыйзамдарын бузуу деген негизде каралууда. Эгер Meta сотто жеңилсе, компанияга салынуучу айып пул 1,4 триллион долларга чейин жетиши мүмкүн. Болжол менен беш жумага созула турган сот процесси социалдык тармактардын өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгына тийгизген таасири боюнча талкуу күчөгөн маалда өтүүдө. Акыркы жылдары Европанын бир катар өлкөлөрү жашы жете электердин социалдык тармактарды колдонушуна чектөө киргизүүнү сунуштап же ишке ашыра баштаган.