“Ак жерден абакта отурдум”. Акын Аскат Жетиген эркиндикке чыкты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Акын, композитор Аскат Жетиген жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, 19-августта абактан чыкты. Аны жакындары, санаалаштары жана өнөрлөштөрү тосуп алышты. Аскат Жетиген “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен 2024-жылы үч жылга кесилген эле. Ал Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде үч жыл отуруп, жазасын толук өтөп бүттү.