Эстониянын прокуратурасы башкалаа Таллиндеги Milrem Robotics коргонуу компаниясынын имаратына өрт коюуга шектелген эки адам Латвияда кармалганын билдирди.
Эстониянын мамлекеттик прокурору Гарди Андерсондун айтымында, бул иш боюнча жалпысынан үч шектүү бар. Алардын экөө Латвияда кармалып, соттун чечими менен камакка алынган. Учурда Эстония тарап аларды өткөрүп алуу боюнча Латвия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Алар качан кармалганы так айтылган жок.
Андерсон жакынкы күндөрү үчүнчү шектүүнү камакка алуу өтүнүчү да берилиши мүмкүн экенин билдирди.
Анын айтымында, тергөөчүлөр ишканада чыккан өрттү атайылап жана алдын ала пландалган аракет катары карап жатышат. Ошондой эле диверсия болушу мүмкүн деген божомол да текшерилүүдө.
18-августта Эстониянын премьер-министри Кристен Михал социалдык тармактагы билдирүүсүндө бул окуяга Орусиянын тиешеси болушу ыктымал экенин четке какпай турганын жазган.
"Эгер бул аракеттин максаты Эстонияны коркутуу, коомду бөлүп-жаруу же Украинаны колдоодон баш тарттырууга мажбурлоо болсо, анда ал ишке ашпайт", – деген ал.
Буга чейин Эстониянын Коопсуздук полициясы Орусия өлкө үчүн узак мөөнөттүү коркунуч жаратып жатканын айтып, Москва тараптан ыктымал чагымчыл аракеттерге көңүл буруу зарылдыгын белгилеген.
Milrem Robotics компаниясынын заводундагы өрт 15-августка караган түнү чыккан. Окуядан жабыркагандар болгон эмес. Өндүрүшкө тийгизген таасири тууралуу маалымат азырынча жарыялана элек.
Компания учкучсуз аскердик техника чыгарат жана Украина менен тыгыз кызматташып келет.