Тажикстандын Ооганстан менен чек арасында атышуудан эки ооган жараны каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине таянып «Азия-Плюс» басылмасы жазды. Окуя Хатлон облусундагы Фатхобод аймагында болгон.
Өлкөнүн атайын кызматы каза болгондор Ооганстандын Тахор провинциясынын Имам-Сахиб районундагы Барзанги кыштагынын тургундары экенин билдирди.
Ооганстандагы бийликтеги «Талибан» кыймылы бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.
Расмий маалыматта алар чек арадан мыйзамсыз өтүп келгени, баңгизат аткезчилиги менен алектенүүгө аракет кылганы айтылды. Күч түзүмдөрү менен бетме-бет келгенде алар куралдуу каршылык көрсөтүп, атышуу башталган. Натыйжада эки адам тең окко учкан. Окуянын так датасы жарыяланган жок.
Ошол жерден Калашников автоматы, Макаров тапанчасы жана 17 килограмм гашиш салынган эки баштык табылганы маалымдалды.
Тажикстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору Зафар Самад июль айында өткөн маалымат жыйынында быйылкы жылдын биринчи жарымында узундугу болжол менен 1400 чакырымды түзгөн тажик-ооган чек арасында Ооганстандан баңгизат аткезчилери менен жети куралдуу кагылышуу катталганын билдирген. Аларда жалпысынан 17 ооган жараны каза болгон.