Украинада ракета жана дрон соккуларынан кеминде 18 адам каза болду

Кривой Рог. 2026-жылдын 21-августу.

Украинанын бир катар аймактарына жуманын кечинде жана ишембиге караган түнү Орусия ракеталар жана дрондор менен сокку урду. Акыркы маалыматтар боюнча, эң көп адам Кривой Рогдогу соода борборуна жасалган соккудан каза болду.

Днепропетровск облусунун администрация башчысы Александр Ганжанын маалыматына караганда, Кривой Рогдо 21-августта кечинде эки соккудан кеминде 16 адам каза болуп, 130 адам жараат алды. Урандыларды тазалоо иштери уланууда. Дагы тогуз адам дайынсыз болууда, алардын экөө балдар. Ооруканага жеткирилген 63 адамдын 29нун абалы оор деп бааланууда. Жабыркагандардын арасында 16 жаштагы кыз бар экени маалымдалды.

Запорожье облусунда да адам каза болду. Облустук администрациянын башчысы Иван Федоровдун айтымында, түн ичинде облустун борборуна жакын жайгашкан Кушугум кыштагына дрон менен сокку урулду. Анын кесепетинен бир эркек киши каза болду, дагы төрт киши жараат алды.

Киевде да сокку урулуп, Дарницкий районундагы кампа өрттөндү. Баштапкы маалымат боюнча, бир адам каза болуп, бир нечеси жараат алды. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү Киевге бир нече баллистикалык ракета жана реактивдүү «Бандероль» тибиндеги дрондор менен сокку урулганын билдирди.

Ал эми Одесса облусун түн ичинде ракета жана дрон чабуулуна кабылды. Украинанын Аба күчтөрү Кара деңиз тараптан жана чыгыштан Одесса, Измаил, Черноморск, Южный жана башка калктуу конуштарга карай көптөгөн сокку уруучу каражаттар багытталганын эскерткен.

«Суспільне» басылмасы Одесса жана Измаил шаарларында жарылуу болгонун кабарлады. Жергиликтүү Telegram каналдар аймактагы объекттердин биринде өрт чыкканын жана айрым жерлерде электр энергиясы өчүрүлгөнүн билдирүүдө.

Соңку апталарда Украина Орусиянын аба соккуларынан жакшы коргоно албай, жайкын тургундар арасында курмандыктар саны өсүүдө. Украин президенти Владимир Зеленский АКШда өндүрүлгөн Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталары түгөнүп калганын жана аскерлер Орусиянын баллистикалык ракеталарын атып түшүрө албай жатканын билдирген.