АКШнын элчиликтери жана консулдуктары иммиграциялык виза алуу үчүн кайрылгандар менен маектерди убактылуу токтотуп жатат. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, маеги алдын ала белгиленген айрым талапкерлерге жолугушуу убактысы жылдырылганы тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлүүдө. Бирок кайсы күнгө жылганы айтыла элек.
АКШнын Мамлекеттик департаменти консулдук кызматкерлер үчүн атайын окуу уюштурулуп жатканын, алар арыз менен кайрылгандардын финансылык абалын кылдат баалоо боюнча кошумча даярдык көрөрүн билдирди. Өзгөчө АКШга көчүп баргандан кийин мамлекеттик социалдык жардамдан көз каранды болуп калышы мүмкүн болгон чет элдик жарандарды аныктоого көңүл бурулат.
Мекеме дипломатиялык өкүлчүлүктөр кадимки иш тартибине качан кайтарын тактаган жок. Бул чара президент Дональд Трамптын администрациясы миграциялык саясатты катаалдаштыруу аракетин көрүп жаткан маалга туш келүүдө. Акыркы мезгилде виза жана грин-карталарды жокко чыгаруу көбөйгөнү айтылып келет.
Өткөн аптада АКШнын федералдык соту Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды кошкондо 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүнү чектеген чечимди жокко чыгарган. Судья Жаннетт Варгас мамлекеттик катчы Марко Рубионун мындай чечими мыйзамга каршы келерин жана анын ыйгарым укуктарынан ашып кеткенин белгилеген.
Сот ошондой эле виза берүүдөн баш тартуу боюнча буга чейинки айрым чечимдерди да жараксыз деп тапкан. Ошол эле учурда АКШ өкмөтү бул чечимге каршы апелляциялык арыз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Мындан тышкары, АКШ администрациясы жогорку квалификациялуу чет элдик адистер үчүн берилүүчү H-1B визасына байланыштуу жаңы токтом долбоорун жарыялады. Анда мындай виза үчүн 100 миң доллардан ашык өлчөмдө төлөм киргизүү сунушталууда. Буга чейин мындай төлөм сот аркылуу убактылуу токтотулган болчу.