26-августка караган түнү украиналык учкучсуз учактар Орусиянын бир нече аймагына чабуул койду. Липецкиде дрондун кулашынан улам жеке турак үй өрттөндү.
Липецк облусунун губернатору Игорь Артамоновдун маалыматына ылайык, эки адам каза тапты, бири 14 жаштагы өспүрүм. Дагы эки киши жабыркады.
Чабуулга Тамбов облусу да кабылды. Аймак башчысы Евгений Первышовдун айтымында, соккулардан кийин Wildberries компаниясынын кампасында өрт чыгып, эки адам жаракат алды. Кампа толугу менен күйүп кетти.
Первышовдун айтымында, облус аймагында жалпысынан 16 учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.
Тамбов облусунда Wildberries кампасы буга чейин да дрон чабуулуна кабылган. 18-июлга караган түнү болгон соккудан жети киши каза болуп, дагы 25 адам жаракат алган.
Түнкү дрон чабуулунан кийин Нижегород облусунда да өрт чыкты. Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторингдик каналдары Кстоводогу «Лукойл-Нижегороднефтеоргсинтез» мунай иштетүүчү заводунда өрт чыкканын жазышты. Бирок бул маалымат расмий түрдө азырынча тастыкталган жок.
Тула облусундагы чабуулдун кесепетинен бир адам жабыркаганын аймак башчысы Дмитрий Миляев билдирди.
Воронеж облусунун үстүнөн 27 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн аймак жетекчиси Александр Гусев маалымдады. Анын айтымында, Воронеж шаарынын четинде атып түшүрүлгөн дрондун калдыктарынын кулашынан бир эркек жана бир аял жаракат алышкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде жалпысынан 426 украиналык учкучсуз учак жок кылынганын билдирди.