Будапешт Орусияны Венгрия жана Европа үчүн коркунуч деп тааныды

Мажар премьер-министри Петер Мадьяр Будапештте сөз сүйлөп жатат. 20-август, 2026-жыл

Будапешт Орусияны Венгрия, Европа жана дүйнөлүк тартип үчүн коркунуч деп эсептейт. Бул тууралуу сентябрда өтө турган БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясына катыша турган мажар делегациясына өкмөт берген көрсөтмөдө айтылат.

Документке премьер-министр Петер Мадьяр кол коюп, 25-августта Венгриянын расмий басылмасы - Magyar Közlöny гезитинде жарыяланды.

"Венгрия Орусиянын аскердик агрессиясын айыптайт, Украинанын эл аралык деңгээлде таанылган чек араларындагы эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн толук колдойт, ошондой эле Украинанын өзүн-өзү коргоо укугун тааныйт. Орусиянын аракеттери Венгрия, Европа жана дүйнөлүк тартип үчүн коркунуч жаратып, Закарпатьеде жашаган мажар азчылыгынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч алып келүүдө. Ушундан улам биз туруктуу тынчтыкка жана узак мөөнөттүү коопсуздук кепилдиктерине жетишүүгө багытталган сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча бардык аракеттерди колдойбуз", – деп жазылган анда.

Документте ошондой эле миграция, Газадагы жаңжал, Иран, Ливан жана башка бир катар маселелер боюнча Венгриянын позициясы да камтылган.

Июлдун ортосунда Венгриянын коргоо министри Ромулуш Русин-Сенди өлкө Орусия үчүн "каалгасын жаап атканын жана өз өнөктөштөрүнүн ишенимин кайра калыбына келтириши керектигин" билдирген. Орус чалгын кызматы "башка эшик аркылуу кирүүгө аракет кылганын" кошумчалаган.

Мурдагы премьер-министр Виктор Орбан жетектеген Венгрия өкмөтү Москва менен тыгыз байланыштарды сактап келген. Ал Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларына вето коюп, Киевди сындап, шаркеттин башка мүчөлөрүнө Украинаны каржылык колдоо боюнча чечимдердин кабыл алууга тоскоол болуп келген.

Дагы караңыз

Непал: Суу ташкында 160тан ашуун киши набыт болду, жүздөгөн турист дайынсыз