Орусияда мунайзат жана кокс өндүрүү көлөмү июль айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,3 пайызга азайды. Ошол эле учурда быйылкы июнь айына салыштырганда өндүрүш 5,6 пайызга өскөн. Бул тууралуу Ростаттын 26-августта жарыяланган маалыматында айтылат.
Мекеме "Орусиянын социалдык-экономикалык абалы" тууралуу (январь–июль 2026) баяндамасын жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, жыл башынан июлга чейинки аралыкта өндүрүш көлөмү 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,2 пайызга кыскарган. Жылдык көрсөткүч боюнча эң чоң төмөндөө июнь айында катталып, ал 21,7 пайызды түзгөн.
Бийликтин чечимине ылайык, Росстат мунайзат өндүрүүнүн абсолюттук көлөмүн жарыялабайт. Анын ордуна "кокс жана мунайзат өндүрүү" тармагы боюнча жалпыланган индекс гана берилет.
Орусияда күйүүчү май өндүрүшүнүн кыскарышы украиналык учкучсуз учактардын мунай иштетүүчү заводдорго чабуулдарынын көбөйүшү менен байланыштуу. Акыркы айларда чабуулдардын саны кыйла өстү. Натыйжада өлкөнүн бир катар аймактарында күйүүчү май тартыштыгы жаралып, Орусия чет өлкөлөрдөн кара май сатып алууга да аргасыз болду.
Reuters агенттиги шаршемби күнү тармактагы үч булакка таянып, Нижегород облусундагы НОРСИ мунай иштетүүчү заводу ишин токтотконун жазды. Бул ишкана мунайды кайра иштетүүнүн көлөмү боюнча өлкөдө төртүнчү, ал эми бензин өндүрүү боюнча экинчи орунда турат. Заводдун ээси -"Лукойл" компаниясы Reuters агенттигинин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген эмес.
Облустук бийлик 26-августта украиналык дрондун соккусунан улам өнөр жай объектисине зыян келтирилгенин билдирген. Ал кайсы объект экенин тактаган эмес.
Reuters агенттигинин маалыматына таянсак, "Лукойлдун" мунай иштетүүчү бардык заводу токтоп турат. Пермдеги мунай иштетүүчү завод 21-августтагы дрон чабуулунан кийин, Волгограддагы завод 31-июлдан тартып ишин токтоткон.
Ошол эле учурда Орусия чийки мунайды экспорттоону улантууда.