Ozon'дун Оренбург жана Уфадагы кампаларына сокку урулду

"Озон" маркетплейсинин Москвадагы түйүндөрүнүн бири.

27-августка караган түнү украиналык дрондор Орусиянын Ozon маркетплейсинин Оренбург жана Уфа шаарларындагы кампаларына сокку урду.

Компаниянын маалыматына караганда, жумушчулар эвакуацияланган, жабыркагандар жок.

Оренбургдагы кампа ишин калыбына келтиргенин, Уфадагы азыраак зыян келтирилгендиктен убактылуу жабылганын билдирди.

"Азырынча Уфада сатуучулардан жеткирүүлөрдү кабыл албай жатабыз. Жолдо келаткандарды башка объектилерге которобуз", – деп жазылган компания тараткан маалыматта.

Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары Башкырстандын Благовещенск шаарында Ozon'дун кампасы күйүп жатканын кабарлады. Бул маалымат расмий ырастала элек.

Дрон чабуулуна Стерлитамак да кабылды. Телеграмдагы ASTRA каналы түндө жергиликтүү жашоочулар жарылуулардын добушун укканын жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги түндө өлкө аймагынан 267 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Дагы караңыз

Будапешт Орусияны Венгрия жана Европа үчүн "коркунуч" деп тааныды Непал: Суу ташкында 200дөн ашуун киши набыт болду, жүздөгөн турист дайынсыз