Германия Орусияны Лейпциг аэропортундагы диверсия үчүн айыптоону көздөп жатат

Германиянын Лейпциг аэропортунда жарылуучу зат менен дрон табылган жерде полиция кызматкери иштеп жатат. 2026-жылдын 5-августу.

Германия Орусияны Лейпциг аэропортунда диверсия жасоого аракет кылды деп айыптоого ниеттенүүдө. Августтун башында аба майданда жардыруучу зат орнотулган учкучсуз учуучу аппараттар табылган. Politico жана Welt am Sonntag басылмалары өз булактарына таянып жазгандай, Германия Москвага каршы "кеңири масштабдагы санкция даярдоодо".

Маалыматтарга караганда, Германиянын канцлери Фридрих Мерц бул тууралуу кийинки аптанын башында расмий жарыя кылышы мүмкүн. Булактар кандай санкция киргизилери жана алар кимдерге багытталарын тактаган эмес.

25-августта Мерц Лейпцигдеги диверсия аракетине тиешеси бар адамдар жоопкерчиликке тартыла турганын билдирген, бирок конкреттүү айыптоо айткан эмес.

Августтун башында Лейпциг аэропортунда жардыруучу зат менен дрон кармалган. Ал аба майданда токтоп турган украиналык Ан-124 жүк учагынын жанынан табылган. Кийинчерээк тергөөчүлөр бул диверсия аракетине бир нече дрон катышкан деген жыйынтыкка келишкен.

Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, ошол эле күнү DHL компаниясынын жүк ташуучу учагы аэродромдон учуп чыккандан кийин белгисиз объект менен кагылышкан. Буга учактын бузулган жерлерин иликтөө далил болуп берген. Дрондун өзү же анын калдыктары табылган эмес. Тергөөчүлөр кагылышуудан кийин дрон кыймылдаткычка кирип кетип, майдаланып кеткен болушу мүмкүн деген версияны айтышкан.

Лейпциг аэропорту курал-жарак ташууда, анын ичинде Украинага берилүүчү жардамдарды жеткирүүдө маанилүү логистикалык борбор болуп саналат. 2024-жылы аэропорттун аймагындагы DHL логистикалык борборунда Улуу Британияга жөнөтүлгөн жүк жарылган. Ушуга окшош жүк кийин Улуу Британияда жана Польшада да жарылган. Тергөө бул аракеттер Орусиянын атайын кызматтары тарабынан уюштурулган операция болгонун билдирген. Учурда Литвада ошол окуяларга байланыштуу диверсиялык түйүндүн беш мүчөсүнө карата сот жараяны жүрүп жатат.

Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкан 2022-жылдын февралынан бери Германияда учкучсуз аппараттарга байланышкан окуялар катталды. 2026-жылдын биринчи жарымында эле Германиянын аэронавигация кызматы уруксатсыз учкан дрондордон улам өлкө аэропортторунун ишинде 145 жолу үзгүлтүк болгонун маалымдады. Көпчүлүк учурларда мындай дрондордун операторлорун аныктоо мүмкүн болгон эмес.

Дагы караңыз

Дрон чабуулунан Ленинград облусундагы өнөр жай аймагында өрт чыкты“Мадина” базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки куткаруучу жараат алды