Түштүк Кореяда өзбек жараны террордук уюмду колдоого шектелип кармалды

Пхёнчхандагы «Альпенсия» тоо курортунда жайгашкан Эл аралык телерадиоберүү борборунун (IBC) алдында Түштүк Корея полициясынын брондолгон автоунаасы турат. 2018-жыл, 13-февраль.

Түштүк Кореяда террордук уюмду каржылоого жана материалдык жактан колдоого шектелген Өзбекстандын жараны кармалды.

Yonhap агенттиги тергөөнүн маалыматына таянып жазгандай, 30 жаштагы шектүүгө Интерпол аркылуу издөө жарыяланып, ал быйыл апрель айында кармалган. Учурда ал камакта отурат жана анын иши сотто каралууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү Сириядагы«Катиба ат-Таухид валь-Жихад» деген террордук уюмга 6,3 миллион вонго, башкача айтканда, 4,6 миң долларга жакын криптовалюта которгон.

Мындан тышкары, ал террордук уюмдан алынган криптовалютаны колдонуп, жалпы баасы 170 миллион вонго же 124,5 миң долларга 11 эски автоунаа жана эки экскаватор сатып алган деп шектелүүдө. Маалыматка караганда, кийин бул техника Сирияга жөнөтүлгөн.

Түштүк Кореяда кармалган өзбекстандык жаран колдонулган автоунааларды экспорттоочу компанияны башкарганы аныкталган.

Полициянын маалыматына ылайык, шектүү «Катиба ат-Таухид вал-Жихаддын» мүчөсү деп саналган иниси менен байланышып турган. Бирок Түштүк Кореянын укук коргоо органдары кармалган жарандын өзү аталган уюмга расмий мүчө болгонун аныктай элек.

Полиция дагы үч өзбекстандык жаран ага автоунааларды издеп таап, сатып алууга жардам берген деп эсептейт. Аларга карата тергөө жүрүп жатат, бирок өздөрү эркиндикте жүрүшөт.

Өзбекстандын Түштүк Кореядагы элчилиги террордук уюмга көмөктөшүүгө шектелген төрт жаранына байланыштуу азырынча расмий билдирүү жасай элек.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 2022-жылдын март айында «Катиба ат-Таухид вал-Жихад» тобун санкциялык тизмесине киргизген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бул уюмду 2016-жылы глобалдык террордук уюмдардын тизмесине кошкон. Аталган топко көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттеринде тыюу салынып, террордук уюм деп таанылган.

Дагы караңыз

Pegasus авикомпаниясы Москвага айрым каттамдарын токтоттуМоди Путинди Украинадагы согушту токтотууга чакырдыКырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы" этно-шаарчасы ачылды