Непал менен Тибетте суу ташкындын курмандыктары 1200дөн ашты

2026-жылдын 28-августу. Ченнайда Непалдагы суу ташкынынан каза болгондорду эскерүү учурунда мектеп окуучусу шам кармап турат. (Сүрөттүн автору: Р. Сатиш БАБУ / AFP)

26-августта Непал менен Тибетте болгон күтүүсүз суу ташкынынан каза болгондордун саны өстү. Reuters агенттиги билдиргендей, Непалда кеминде 1204 адам каза болуп, дагы 4200дөн ашуун адам дайынсыз болууда. Ал эми Тибетте соңку маалыматтар боюнча 21 адам каза таап, 541 адам дайынсыз деп эсептелүүдө.

Дайынсыз жоголгондордун арасында Индия, Улуу Британия, Австралия, АКШ жана Малайзия сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн жүздөгөн жарандары бар.

1-сентябрда Орусиянын Непалдагы элчилиги кырсык болгон аймакта жүргөн 12 орусиялык жаран менен байланыш үзүлгөнүн билдирген. Алар азырынча дайынсыз болууда.

Куткаруу, издөө иштери дале уланып жатат.

26-августта Непал менен Тибеттин чек арасында күтүүсүз катуу суу ташкыны жана сел жүрүп, бүтүндөй айылдарды жууп кеткен.

Дагы караңыз

Орусиянын асманы учактар үчүн кооптуубу? Зеленскийдин эскертүүсү, Путиндин жообу Pegasus авикомпаниясы Москвага айрым каттамдарын токтотту