ДКО: Көк бөрү менен көкпардан Кыргызстан чемпион болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы көк бөрү боюнча финалдык беттеште казакстандык улакчыларды 12:0 эсебинде жеңип, чемпион болду. Жыйынтыктоочу оюн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү. Ушул эле күнү көкпар боюнча финалдык беттеште да Кыргызстан менен Казакстандын улакчылары ойноп, 7:2 эсебинде кыргыз курамасы жеңишке жетти.