6-сентябрдын кечинде Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өттү.
Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев анда оюндардын ийгиликтүү өтүшү менен жалпы кыргызстандыктарды, оюндардын катышуучуларын жана бардык конокторду, ошондой эле жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул – жалпынын жеңиши экенин билдирди.
“Көчмөн дүйнө – бул өзүнүн мамлекеттүүлүгү, дүйнө таанымы, нарк-насили, акылмандыгы, искусствосу, адам менен табияттын эриш-аркак жашоо маданияты бар улуу цивилизация. Мындан он эки жыл мурда Ысык-Көлдө башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улам канат жайып, Түркияда, Казакстанда уланып, дүйнөлүк маданий-спорттук кыймылга айланды. Бүгүн ал өз мекенине мурдагыдан да чоң масштабда кайтып келип, дүйнөнүн жүздөн ашуун мамлекетинин өкүлдөрүнүн башын бириктирди”, – деди МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев.
Көчмөндөр оюндары Олимпиада, футбол боюнча дүйнө чемпионаты сыяктуу дүйнө эли кызыгуу менен күткөн ири спорттук окуяларга үзөңгүлөш болуп бара жатканын, Дүйнөлүк спорт жана маданият мейкиндигинде жаңы чоң күч пайда болгонун айтты.
Жабылуу аземде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кийинки айлампасын – VII оюндарды өткөрүү Орусия Федерациясынын Татарстан Республикасына берилди. Оюндардын символу катары суу толтурулган көөкөрдү Адылбек Касымалиевдин колунан Орусия Федерациясынын спорт министри Михаил Дегтярев жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов алды.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта жаңы курулган “Бишкек аренада” өттү. Анда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити үчүн Кыргызстанга келген бир катар мамлекеттердин башчылары да катышты. Ачылышта сөз алган президент Садыр Жапаров оюндардын жетинчи айлампасын өткөрүү Орусиянын Татарстан Республикасында өтөрүн жар салган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алты күнгө созулду. 106 өлкөнүн оюнчулары спорттун 42 түрү боюнча таймашты. Жалпы эсепте Кыргызстан 72 медал (30 алтын, 29 күмүш, 13 коло) биринчи орунда алды. 64 медал менен Казакстан экинчи орунда, 34 медал менен Орусия үчүнчү орунда чыкты. (ErN)