Биринчи класска 143 миңден ашык окуучу кабыл алынды

Кыргызстандын мектеби. Иллюстрациялык сүрөт.

7-сентябрга карата Кыргызстандын мектептерине биринчи класска 143 миң 364 бала кабыл алынды. Бул тууралуу кабыл алуу жүргүзүлүп жаткан 1mektep.edu.gov.kg порталындагы маалыматтарда айтылат.

Мектептерде жалпы 193 миңден ашык орун бар. Дагы 50 миңге жакын бош.

Баланы 1-класска мектепке кабыл алуу анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) арызынын негизинде "Электрондук жазуу" кызматы же 1mektep.edu.gov.kg платформасы, ошондой эле “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында, эки баскычта жүргүзүлүүдө. Биринчи баскычта балдар мектепке туруктуу катталган жери боюнча алына баштаган. Экинчи баскычта жашаган аймакта бош орун бар мектептерге кабыл алынууда.

Биринчи баскыч 1-апрелде башталса, экинчиси 1-июндан старт алган. Кабыл алуу ушул аптанын аягына чейин уланат. 15-сентябрда окуу жылы башталат.

Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт. (ErN)