Миграция министри Канат Сагынбаев кызматтан бошотулуп, ордуна Алмаз Имангазиев бекилди

Канат Сагынбаев жана Алмаз Имангазиев. "Азаттыктын" коллажы.

Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” кабарлады.

Мамлекет башчы кол койгон башка тескемеге ылайык, Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Сагынбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп былтыр 25-августта дайындалып, 3-сентябрда анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырган.

Алмаз Имангазиев 2022-жылдан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп келген. Ага чейин ал Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын департаментин жетектеп турган. (ErN)