VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча комиссия командалык эсепте Казакстан 1-орунду алды деп тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
“Командалык эсеп боюнча бир гана техникалык айырма медалдарды эсептөөдө жаралган. Бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алды. Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз! Кыргызстандык спортчулар да бул оюндарда өз күчүн, чеберчилигин татыктуу көрсөттү. Медалдын эсеби спорттун бир бөлүгү, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду”, – деп жазды Алагөзов.
Мунун алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебине байланыштуу талаш-тартыштар чыккан. Айрым маалыматтарда Кыргызстан 30 алтын медал жеңип, 1-орунду алганы айтылса, башка маалыматтарда Казакстан 32 алтын медал менен алдыда экени жазылган.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 6-сентябрдын соңунда маалымат таратып, оюндун алкагында расмий медалдык жана командалык эсеп, ошондой эле өлкөлөрдүн жеңип алган медалдарынын саны боюнча жалпы рейтинг жүргүзүлбөй турганын билдирген. Бул Казакстандын жана Кыргызстандын маалымат айдыңында кайрадан ызы-чууга жем таштаган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта жаңы курулган “Бишкек аренада” өттү. Оюндар алты күнгө созулуп, жабылыш аземи 6-сентябрдын кечинде Чолпон-Ата шаарында болду.
Жабылуу аземде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кийинки айлампасын – VII оюндарды өткөрүү Татарстан Республикасына берилди. (ErN)