Юстиция министри Аяз Баетов бошотулуп, анын ордуна Алмаз Айылчиев дайындалды

Аяз Баетов

Юстиция министри Аяз Баетов кызматтан башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулду. Бул тууралуу 8-сентябрда «Ынтымак Ордо» кабарлады. Маалыматка ылайык Юстиция министринин милдеттин аткаруучу болуп Алмаз Айылчиев дайындалды. 44 жаштагы Айылчиев буга чейин Президенттик администрациянын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары – укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

42 жаштагы Аяз Баетов юстиция министри болуп 2021-жылдан бери иштеп келген. Өкмөттөгү булактардын маалыматына караганда, Баетов Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалары күтүлүүдө. Азырынча бул маалымат расмий жарыялана элек.