Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 8-сентябрда Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп телефондон сүйлөшкөнүн билдирди.
Ушаковдун айтымында, эки лидердин сүйлөшүүсү туура бир саатка созулуп, позитивдүү маанайда өттү.
"Лидерлерге мүнөздүү болгондой, өз ара урматтоо жана иштиктүү маанай шартында алар АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин 5-6-сентябрдагы Москва жана Киев сапарларынын жыйынтыктары тууралуу пикир алмашышты", - деди Путиндин жардамчысы.
Анын белгилешинче, Трамптын чабармандарынын сапары оң бааланып, Орусиянын президенти Украинадагы согушту тез арада токтотуу үчүн АКШ жасай ала турган кадамдарды белгиледи.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы эң кандуу жаңжалдардын бири болуп жаткан Украинадагы согушту токтотуу боюнча дароо чечим америкалык өкүлдөрдүн сапарынын жүрүшүндө кабыл алынган жок.
Путин фронттун бардык тилкелеринде ийгиликтер бар экенин жана Донбасс толугу менен көзөмөлгө алынарын айтып келет.
Ал эми Владимир Зеленский Донбассты Орусияга өткөрүп берүү кабыл алынгыс шарт экенин билдирүүдө.