Таласта Кыргызстандын Эгемендик күнү расмий белгилене баштады

Талас. Мамлекеттик тууну көтөрүү салтанаты. 2026-жылдын 11-сентябры.

Бүгүн, 11-сентябрда, Талас шаарында Кыргызстандын Эгемендик күнүнүн 35 жылдыгы расмий белгиленүүдө. Ага президент Садыр Жапаров катышып, аймакта 105 социалдык объекттин, 60 ишкананын ачылышы болот.

Кыргызстан Эгемендик майрамын 31-августта белгилейт. Бул жолку Көз карандысыздыктын 35 жылдыгы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 25 жылдык мааракесине арналган саммитке жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына туш келгендиктен Эгемендикти расмий белгилөөнүн датасы бүгүнкүгө жылдырылган.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.

Кыргызстандын Эгемендик күнү былтыр Жалал-Абад облусунда белгиленген. (КЕ)

Дагы караңыз

Унааны эвакуациялоо тартибин өзгөртүү сунушталуудаМирзиёев кызы Саиданы Эл аралык каржы борборуна башкаруучу кылып дайындады Reuters: Рязандагы мунай заводу украин дрон чабуулунан кийин ишин токтотту "75чилер каты": Адвокат Жогорку сотко арыз берилерин айтты