Боршайком элди шайлоого мажбурлап катыштырууга каршы

Боршайком шайлоого катышпаган жарандарга чара көрүүгө каршы.

Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Тынчтык Шайназаров 15-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинде баяндап жатып айтты.

"Бүгүнкү күндө шайлоого катышуу - эң чоң көйгөйлөрдүн бири, бирок экинчи жагынан бул дагы демократиянын көрсөткүчү, биз жасалма түрдө көбөйтпөйбүз. Бул жерден мен бир гана жолду көрүп турам, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу жарандардын шайлоого катышуусун жогорулатуу. Мурдагы чакырылыштын депутаттары шайлоого катышпаганы үчүн шайлоочуларга карата санкциялар жөнүндө мыйзам долбоорун сунушташкан, айрым өлкөлөрдө мындай практика бар. БШКнын позициясы - биз буга каршыбыз, биз түшүндүрүү маектери аркылуу гана көбөйтүүнү сунуштайбыз", - деп жооп берди Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы.

"2025-жылдагы шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү практикасы, шайлоо укуктарын камсыздоо жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча чаралар, шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жана аны өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштары жөнүндө" жылдык баяндамасы менен тааныштыруу учурунда эл өкүлдөрү бир катар суроолорду беришти.

Шайназаров аларга жооп берип жатып шайлоо учурундагы талапкерлердин жол, бала бакча, аянтча салган учурларды өзүнчө карап, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтты.

Шайлоо фондунан тышкары башка каражаттардын эсебинен каржылоону көбөйтүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады.

Шайназаров бул аракет үчүн жоопкерчилик бар экенин, талапкердин каттоосун жокко чыгарууга чейинки чара каралганын айтты. Маселен, эгер 0,5% ашык болсо, каттоону жокко чыгаруу маселеси коюлушу мүмкүн.

Быйыл февралда 75 саясий, коомдук ишмер бийликке шайлоону мөөнөтүнөн эрте өткөрүү боюнча кайрылып, Жапаровдун президенттигинин мөөнөтү боюнча белгисиздик жаралганын белгилешкен. Кийин президент Конституциялык сотко кайрылып, анда Жапаровдун биринчи мөөнөтү 2027-жылы аяктай турганы, экинчи жолу шайланууга укугу бардыгы такталган.

Дагы караңыз

"Кызматын тапшырыш керекпи?" Шайлоо алдында жаралган тең атаандаштык маселесиЖапырт кармалган саясатчылардын сотуна жакындары киргизилген жокБашкы прокурордун биринчи орун басары болуп Чыңгыз Ахматов дайындалды