Украинада Орусиянын дрон соккусунан кеминде беш адам каза болду

Украина. Орусиянын чабуулунан кийинки куткаруу иштери.

Орусиянын армиясы 16-сентябрга караган түнү Украинада Никополдогу жүргүнчү ташыган автобуска дрондор менен чабуул жасады. Днепропетровск облусунун башчысы Александр Ганжанын маалыматына караганда, беш адам каза болуп, дагы жети киши жараат алды.

Мындан тышкары, Орусия Киевден Николаевге бараткан жүргүнчү поездине учкучсуз учактар менен чабуул койду. Поезддеги жүргүнчүлөр жана кызматкерлер алдын ала эвакуацияланып, алар үчүн автобус каттамы уюштурулду.

8-сентябрда да Киев - Сумы жана Днепр - Запорожье багытындагы поезддер дрон чабуулуна кабылган. Анда бир киши каза болгон. 9-сентябрда Харьков облусунда жүргүнчү поездине "Шахед" дрону менен сокку урулуп, жети киши мерт кеткен.

13-сентябрда Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасы да дрон чабуулуна кабылган.

Орусиянын учкучсуз учактары шаршембиге караган түнү Киевге да сокку урду. Калаа мэри Виталий Кличконун айтымында, кампалардын бири жабыркап, өрт чыккан. Бир адам жараат алды.

Жалпысынан бул түнү Украинага 80 орус дрону чабуул жасады.

Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган.

Дагы караңыз

Жапаров Түштүк Кореядан кыргыз жарандарына виза режимин жеңилдетүүнү өтүндүДепутат Көкүлов "сын айткандарды түшүнүк кат жаздыруу" көбөйгөнүн билдирдиӨкмөт окуу китептеринин базарда сатылышын текшерет, маселе парламентте да көтөрүлдүДепутаттар дарыгерлерди кесиптик жактан коргоо маселесин көтөрүштү